Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:17

Депутат Фарходбек Алимжановдун соту августка белгиленди


Фарходбек Алимжанов.
Фарходбек Алимжанов.

Жогорку Кеңештин “Альянс” фракциясынын депутаты Фарходбек Алимжановдун мандатынын алынышына байланыштуу кийинки сот отуруму 4-августта өтөт.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейинки процессте Алимжановдун арызы боюнча алдын ала угуу аяктап, эми соттук отурум башталат.

Ал эми мандатынан ажыратылган дагы бир депутат Фархат Исмаиловдун арызы боюнча отурум 3-августта өтөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов (“Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду ("Альянс") 6-июлда мандатынан ажыраткан. Алар БШК чечими боюнча сотко арызданган.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги дипломдору жасалма деп шек саналган депутаттар тууралуу материалдарды Боршайкомго жөнөткөнү маалым болгон.

Былтыр апрель айында Улуттук коопсуздук комитети Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун жогорку билими тууралуу документтери жасалма болуп чыкканы тууралуу БШКга маалымат берилгенин билдирген. Боршайком атайын кызмат жөнөткөн материалдарды тиешелүү мекеме-органдар менен чогуу карап чыккандан кийин мыйзамга жараша чечим кабыл алынарын кабарлаган.

Парламенттин сайтындагы маалыматка ылайык, Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана Юридикалык академияны аяктаган. Ал эми Алимжанов болсо жогорку билимди алгач Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында алган.

Экөө тең дипломдору жасалма деген маалыматты четке кагып, мандатын коргоо үчүн мыйзамдуу кадамдарды жасай турганын билдиришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG