Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:14

Абировдун шайлоого катышуу арызын БШКнын жумушчу тобу карайт


Жаныбек Абиров.
Жаныбек Абиров.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жаныбек Абировдун Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайлоосуна талапкер болуп катышуу арызын жумушчу топ карай турганын билдирди.

Жумушчу топ Жаныбек Абировдун шайлоого катышуу арызы мыйзамга туура келер-келбеси боюнча жыйынтык чыгарып, сунуш берет.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Абиров Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга 28-июлда арыз берди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Абдыжапар Бекматов менен Акбалык Жумалиева ал кайра шайлоого катыша албай турганын билдирген. Алардын сөзүнө караганда, мыйзам боюнча кайра шайлоонун дайындалышына негиз болгон адам талапкерлигин коё албайт.

Сөз болуп жаткан округдан депутат болгон Жаныбек Абиров быйыл март айында өзү катышкан мушташтан улам мандатын тапшырган.

Бул округда кайра шайлоо 28-майда өткөн. Боршайком бирок добуш берүүнүн жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86 % добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон. Кайра шайлоо 10-сентябрга белгилеген.

Учурда Абировду кошкондо кайра шайлоого катышуу үчүн 10 адам арыз берди. Талапкерлердин арызын алуу 10-августта аяктайт жана каттоо 20-августка чейин жүргүзүлөт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG