Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:35

Польша аскерлеринин санын эки эсе көбөйтөт


Польшанын коргоо министри Мариуш Блащак.
Польшанын коргоо министри Мариуш Блащак.

Беларуска "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын көчкөнүнө байланыштуу Польша өз аскерлеринин санын эки эсе көбөйтүүнү көздөп жатат.

Бул тууралуу polskieradio24 радиосуна курган маегинде вице-премьер-министр Ярослав Качинский билдирди. Анын айтымында, буга чейин Польшанын армиясы үч дивизиядан турса, эми алтыга чейин көбөйтүлөт.

Вице-премьер-министр кошумчалагандай, учурда өкмөт бир кезде таратылып кеткен аскер бөлүктөрүн калыбына келтирүүнүн жана жаңыларды түзүүнүн үстүндө иштеп жатат.

Тактап айтканда, 2005-жылы жоюлган ракеталык дивизион жакында эле калыбына келтирилди. Эми ал HIMARS ракеталык системасы менен камсыздалууда.

Польшанын коргоо министри Мариуш Блащак дагы бул маалыматты ырастап, тиешелүү документке кол коюлганын кошумчалады.

Беларуста "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын жалданма жоочулары пайда болгондон бери Польша чыгыш чек арасын бекемдеп, ал жакка кошумча аскерлерин жөнөткөн.

Санкт-Петербургда орус президенти Владимир Путин менен жолугуп жатып Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко Варшаваны көздөй багыт алууну каалаган "вагнерчилерди" "эптеп ооздуктап жатканын" билдирген.

Беларуска "вагнерчилер" Орусиядагы "куралдуу козголоңдон" кийин бара башташкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG