Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:49

Чет өлкөлүк жарандарга онлайн каттоого турууга шарт түзүлдү


"Манас" эл аралык аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.
"Манас" эл аралык аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга келген туристтерге, чет өлкөлүк жарандарга онлайн каттоого турууга шарт түзүлдү. Бул тууралуу санарип өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева 28-июлда“Кабар” маалымат агенттигиндеги басма сөз жыйынында билдирди.

Ага ылайык, Кыргызстанга келген чет элдиктер мындан ары Калкты каттоо департаментинин сайты аркылуу каттоого турса болот.

“Ал үчүн кабыл алган тарап жеке кабинет ачып, каттоодон өтүп, тек-жайын тактаган, үйү бар экенин ырастаган документиндеги маалыматты киргизүүсү керек”, - деп билдирди Кийизбаева.

Андан кийин сайттагы “Чет өлкөлүк жаранды каттоо” деген бөлүмдө ошол туристтин тек-жайы тууралуу маалыматтарды жазып, аны веб-камера аркылуу сүрөткө тартуу керек. Анын Кыргызстандын чек арасынан өтүп жатканда тартылган сүрөтү менен дал келген учурда каттоодон өтүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Мамлекеттик пошлина үчүн 120 сом төлөнөт.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл алты айда 330 миңдей чет өлкөлүк жаран каттоого турган жана бул былтыркыга салыштырмалуу 33 миңге чукул адамга көп.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG