Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:03

Кыргыз-казак чек арасы: жүк ташыган машиналардын тыгыны жаралды


Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө бекети. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө бекети. Архивдик сүрөт.

Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек”, “Чоң-Капка”, “Чалдыбар” жана “Ак-Жол” өткөрмө бекеттеринде бир канча жүк ташыган машина Казакстандан Кыргызстанга өтө албай турганын билдирди.

Узун тыгындын себебин Салык кызматынын “Жыйынды пост” маалымат системасынын ишинин үзгүлтүккө учураганы менен түшүндүрдү. Ага ылайык, бул автоматташтырылган система 27-июлда кечки саат 22.50до белгисиз себептерден улам бузулуп калган.

“Ошол эле маалда Чек ара кызматынын тышкы миграцияны каттоо системасы штаттык режимде иштеп жатат. Жагдай тууралуу айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө”, - деп жазылган маалыматта.

Салык кызматы соңку кырдаал тууралуу азырынча түшүндүрмө бере элек.

"Жыйынды пост" системасы чек ара бекеттеринде Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин алкагында товарларды эсеп-кысапка алуу үчүн колдонулат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG