Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:06

Садыр Жапаров “Азаттыктын” майнинг ферма боюнча иликтөөсүнө комментарий берди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров “Азаттыктын” Чүйдүн Кемин шаарынын жогору жагындагы майнинг ферманын ишмердиги боюнча журналисттик иликтөөсүнө комментарий берди.

Мамлекет башчы “Кабар” агенттиги менен болгон кыскача маегинде майнинг ферма чын эле иштеп жатканын ырастады. Президент Жапаров майнинг фермага мамлекет электр жарыгын эң кымбат баа менен 1 кВт/с 5 сом 4 тыйындан сатып жатканын айтты.

“Себеби, Кемин подстанциясынын күч-кубаты жетет. Экинчиден, жайдын күнү бизде электр энергиясы толук жетиштүү. Атүгүл ашып калат. Эч бир жакка сата албайбыз. Ошондуктан энергетика системасына пайда түшсүн деп, басымды көтөрө алуучу участокторго уруксат берип жатабыз. Эгер кыштын күнү кыйынчылык келе турган болсо үч ай токтотуп коёбуз. Калган тогуз ай бою иштей берсин. Энергетика системасына, салык инспекциясына миллиондогон сом таза кирешелерди берет. Мисалы, ушул эле Кеминдеги майнинг ферма алты ай убакыттын ичинде 480 миллион сом энергетиктерге, 225 миллион сом салыкка төлөп берди. Бул акчанын баары мамлекеттин, ошол эле элдин пайдасына түштү. Эми бул компания жергиликтүү салык инспекциясына катталды. Мындан ары салыктарды жергиликтүү бюджетке төлөйт. Албетте, райондо жылыштар пайда болот”.

Садыр Жапаров Камбар-Ата 2 ГЭСинде да майнинг фермага иштөөгө уруксат берилип жатканын билдирип, аны мындайча түшүндүрдү.

“ГЭС 2010-жылы ишке кирген. 120 МВт иштеп чыгууда. Мунун 90 МВтын гана сыртка алып чыга алабыз. Анткени өткөрүү мүмкүнчүлүгү 90 МВт гана экен. 13 жылдан бери калган 30 МВты абага сиңип кетип жүрүптүр. 6 миллиард 816 миллион кВт саат энергиядан куржалак калыптырбыз. Акчалай санап көргөнүбүздө 3 миллиард 275 миллион сом жоготууга учураптырбыз. Бул үчүн буга чейинки шалаакы жетекчилердин баарын жоопко тартса болот. Эмне үчүн 13 жылдан бери 30 МВттан жоготуу болуп атса көңүл бурушкан эмес? Биз ошол жерге (Камбар-Ата ГЭСинин ичине) 30 МВт чейинки майнинг ферма койгонго уруксат бердик. Ал майнингди курууга эле 20 миллион доллардын тегерегинде акча кетет. Инвестор салат. Майнинг ферма ишке кирсе, мындан ары жоготуу болбойт”.

“Азаттык” 27-июлда “Энергокризис: Кеминдеги майнинг ферма кимдики?” деген видео иликтөө жарыялаган. Анда жыл башынан бери Кемин шаарынын жогору жагында майнинг ферма иштеп, мамлекеттин энергетикалык системасына туташып алганын аныктаган.

2,2 гектар жерди ээлеген “Соларкоин” майнинг фермасына жогорку кызмат адамдарынын байланышы тууралуу маалыматтарды таап чыккан. Иликтөөдө бул ферма 1 кВт электр жарыгын 5 сом 4 тыйындан сатып алып жатканы айтылган. “Азаттык” кенен маалымат алуу үчүн энергетика министри Таалайбек Ибраевге эки күн катары менен чалып, байланыша алган эмес. Анын орун басары Талайбек Байгазиев убактысы жок экенин айткан. “Соларкоиндин” директору Айсана Исмаилова суроолорго жооп берерин айтып, бирок кайра телефонун алган эмес. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG