Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:58

"Чал, кет!" деп кыйкырган казак жараны тогуз айга кесилди


Казакстандагы Январь окуялары боюнча айыпталган Адилет Мусин сот өкүмүн угуп жатат. Алматы. 27-июль, 2023-жыл.
Казакстандагы Январь окуялары боюнча айыпталган Адилет Мусин сот өкүмүн угуп жатат. Алматы. 27-июль, 2023-жыл.

Алматы шаарынын тургуну Адилет Мусин Январь окуялары маалында "жапырт башаламандыкка катышкан" деген кине менен 27-июлда тогуз айга кесилди.

38 жаштагы Мусин ага коюлган айыптардын баарын четке какты.

Адвокаттарынын айтымында, Мусин "Чал, кет!" деп кыйкырганы үчүн гана соттолууда. Кылмыш ишин козгоого 2022-жылдын январь айындагы окуялар маалында тартылган тасма түрткү болгон. Анда Мусиндин "Чал, кет!" деп кыйкырып жатканын көрүүгө болот.

Мусин тергөө абагында беш ай жатып, былтыр ноябрда эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулган.

Мусиндин апасы уулу убактылуу кармоочу жайда отурганда токмоктолуп, кыйноого кабылганы үчүн тийиштүү органдарга арыз жазган.

Медициналык экспертиза дайындалып, Мусиндин моюну, колдору көгөргөнүн, сол жаагында жана башка жерлеринде гематома пайда болгону аныкталган.

2022-жылдын башында Казакстанда социалдык талаптарды койгон тынч митингдер өлкө аймактарына жайылып, кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, кеминде 238 киши каза болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG