Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:04

Орусиянын Одессадагы портко жасаган чабуулунан бир адам набыт болду


Орусия Одессаны өткөн аптада дан келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тарткандан бери аткылап жатат.
Орусия Одессаны өткөн аптада дан келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тарткандан бери аткылап жатат.

Орусиянын армиясы 27-июлга караган түнү Одессадагы портко дагы ракета менен чабуул жасады. Облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Кипрдин маалымдашынча, бир адам мерт болду.

Украин армиясынын ырасташынча, "Калибр" үлгүсүндөгү ракеталар Кара деңиз акваториясындагы суу алдындагы кемедан атылган.

"Порттогу администравдик имаратка урулган соккуда бир жарандык кызматкер мерт болду. Жүк жүктөөчү терминалдардын биринин өндүрүш жабдуусу жабыркады", - деп жазылган маалыматта.

Андан сырткары терминалдагы күзөт имараты жана эки машина дагы талкаланды. Украин армиясы ракеталарды атып түшүрө албаганын бышыктады.

27-июлга караган түнү Украинанын аймагына "Шахед" үлгүсүндөгү сегиз дрон менен чабуул жасалып, анын баары атып түшүрүлгөнү маалымдалды.

Орусия Одессаны өткөн аптадан баштап дан келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тарткандан бери аткылап жатат.

Киев Москванын көздөгөнү дан экспортун үзгүлтүккө учуратуу экенин билдирген. Орус армиясы портко жасалган чабуулдун аскердик максаты гана бар экенин айтып, Крым көпүрөсүндөгү жардырууга жооп катары түшүндүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG