Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:25

Парламент депутаттарынын Этика кодекси иштелип чыкты


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу депутаттардын Этика кодексинин долбоорун иштеп чыгышты.

Документте парламент депутаты коомдун кызыкчылыгы үчүн гана иштеши керектиги жана мыйзамдуу негиздер болбосо, маалыматтарды коомчулуктан жашырбоого тийиш экени жазылган.

Депутат кесиптештеринин, кызмат адамдарынын жана жарандардын ар-намысын сыйлоого тийиш. Башка депутаттын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтире турган, кемсинтүүчү сөздөрдү айтууга жол берилбейт.

Эл өкүлү жалпыга маалымдоо каражаттарына маек бергенде кайсы бир адамдар боюнча теги, жынысы, расасы, улуту, тили, карманган дини тууралуу кемсинтүүчү пикирлерди айтпашы зарыл.

Депутаттардын этика кодексинин талаптарын сактоону Жогорку Кеңештин төрагасы жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеӊештин регламенти боюнча комитети көзөмөлдөйт.

VII чакырылыштын депутаттары 2021-жылы 29-декабрда ант берип, ишке киришкен. Жаңы Конституцияга ылайык, парламентке бир мандаттуу 36 округдан 36 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланган.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөздөрү коомчулукта сынга кабылган учурлар болгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG