Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

Алдамчылыкка айыпталып соттолгон Илмияновго "Лейлектин ардактуу атуулу" наамы берилди


 Икрамжан Илмиянов ортодо. Оңдо Лейлек районун акими Алмазбек Рахманкулов, солдо Баткен облус жетекчисинин орун басары Тимур Мадыяров. Социалдык тармакка тараган сүрөт
Икрамжан Илмиянов ортодо. Оңдо Лейлек районун акими Алмазбек Рахманкулов, солдо Баткен облус жетекчисинин орун басары Тимур Мадыяров. Социалдык тармакка тараган сүрөт

Алдамчылыкка айыпталып соттолгон Икрамжан Илмияновго "Лейлек районунун ардактуу атуулу" наамы ыйгарылды.

Баткен облустук администрациясынын маалымат кызматы кабарлагандай, 24-июлда мындай чечим райондун жарым жылдыкты жыйынтыктаган коллегиясында кабыл алынган.

"Бул сыйлыктар райондук деңгээлде болгондуктан, Лейлектин жетекчилиги чечимди өзү кабыл алган. Облустук бийликтин мындай сыйлык тапшырууга тиешеси жок", - деп билдиришти аталган мекемеден "Азаттык" радиосуна.

Лейлек районунун бийлиги "аймактын өнүгүүсүнө салым кошкон" деп тапкандардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов, райондун мурдагы акими Абдисалам Юлдашев жана парламенттин депутаты Чыңгыз Ажибаев баштаган адамдар бар.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жеке айдоочусу, ишенимдүү кеңешчиси катары таанылган, президенттик администрациянын аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Икрамжан Илмияновду 2018-жылы октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитет (УКМК) кармаган.

Башкы прокуратура ага карата "жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган" деген айып койгон. Кылмыш-жаза кодексинин "Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык" беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылган Илмияновду 2019-жылы 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту жети жылга кесип, 1600 эсептик көрсөткүчтө (160 миң сомдун тегереги) айып салуу, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу өкүм чыгарган.

2020-жылы 19-июнда бул ишти Бишкек шаардык соту карап, анын жаза мөөнөтүн бир жыл алты айга кыскартып, беш жыл алты ай деп чегерген. Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган. Күнөөсү жок экенин айтып келаткан Илмиянов Молдовановка айылындагы №26 жатак абакка чыгарылган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG