Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:51

Чолпон-Атадагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду


Ысык-Көл. Иллюстрация.
Ысык-Көл. Иллюстрация.

Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгы Чолпон-Ата шаарында эс алуу жайлардын биринде эки адамдын өмүрүн алган окуя боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бул тууралуу 26-июлда Бишкекте өткөн брифингде Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов билдирди. Анын сөзүнө караганда, 26-июлда кырсыкка себепчи болгон моторлуу кайыктын айдоочусу 16 жаштагы баланын бөгөт чарасы аныкталат. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” беренеси менен айып тагылды.

“Биздин маалымат боюнча, моторлуу кайыкты 16 жаштагы жашы жете элек бала айдап жүргөн. Ал суунун үстүнөн сүйрөп бараткан “таблетка” баллону теплоходго сүзүлгөн”, - деди Исмаилов.

“Таблетка” баллонунда эки кыз, бир бала болгон. Кырсыктан 23 жаштагы улан менен 19 жаштагы кыз алган жаракатынан 24-июлда ооруканада каза болгон. 21 жаштагы дагы бир кыз ооруканада. Окуя 23-июлда болгон.

Президент Садыр Жапаров бул кырсыктан кийин Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоону күчөтүү тапшырмасын берди. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG