Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:07

Норвегияда партия лидери көз айнек уурдаганы үчүн кызматтан кетти


Норвегия парламентинин имараты. 31-май, 2017-жыл. Осло.
Норвегия парламентинин имараты. 31-май, 2017-жыл. Осло.

Норвегияда «Кызылдар» солчул радикал партиясынын лидери Бьорнар Мокснес кызматтан кетти. Бул кадамга ал күндөн коргоочу көз айнек уурдаганы аныкталгандан кийин барды.

Politico басылмасынын маалыматына караганда, окуя Осло аэропортундагы дүкөндөрдүн биринде 16-июнда болгон. Саясатчы видеокамераларга түшүп калган. Тасма социалдык тармактарга жайылып кеткен.

Мокснес алгач саламаттыгына байланыштуу өргүүгө чыгып, кийин кызматтан кетерин жарыялады.

«Көптөр менен кантип ушундай акылсыз кадамга барганымды сурап жатышат. Менде оң деле жооп жок. Мен туура эмес ишке барганымды гана билем. Ошонун кесептин тартышым керек», - деп жазды саясатчы Фейсбукка. Ал партияда мүчөлүгүн жана парламенттеги депутаттык ордун сактап каларын кошумчалады.

Мокснес «Кызылдарды» он бир жыл жетектеди. Учурда партиянын мүчөлөрү парламенттеги 169 орундун сегизин ээлеп турушат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG