Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:30

Өзбек элчилиги оруc тарапта согушуп жүргөндөр тууралуу билдирүү жасады


Украинанын Запорожье облусундагы орусиялык аскерлер. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинанын Запорожье облусундагы орусиялык аскерлер. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Киевдеги элчилиги 24-июлда Украинанын Башкы штабынын билдирүүсүнө комментарий берди. Буга чейин Киев Орусия оккупациялап алган Горловкада орус күчтөрүнүн катарында өзбек жарандары бар экени аныкталганын кабарлаган.

Украин тараптын билдирүүсүнө караганда, өзбекстандыктар Мариуполго курулуш иштерине барышкан. Алардын паспортторун тартып алып, ыктыярчы катары согушка жөнөтүшкөн.

Өзбекстандын маалымат каражаттары жазгандай, элчилик бул боюнча Украинанын Тышкы иштер министрлигине өтүнүч жөнөттү.

«Бул маселе дипломатиялык мекеменин тыкыр көзөмөлүндө. Эгер украин тараптын маалыматы ырасталса, жарандарыбыздын кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык тийиштүү чаралар көрүлөт», - деп билдирди элчилик.

Буга чейин Украинанын Өзбекстандагы элчилиги өзбекстандыктарды орус армиясынын катарына кошулбоого, Орусия басып алган аймактарга барбоого чакырган.

Май айында Украинада сот Казакстандын 23 жаштагы жараны Шынгыс Сейпиевди орус армисянын катарында согушуп жүргөнү үчүн тогуз жылга эркинен ажыраткан.

"Азаттык" буга чейин Украинада орус армиясынын катарында согушуп жүрүп мерт кеткен он кыргызстандыкты аныктаган.

Ал эми 6-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту К.У.А аттуу жаранды “Украинадагы согушка катышкан” деген айып менен 10 жылга кести. Ошентип Кыргызстанда биринчи жолу Украинадагы урушка аралашкан жаран оор жазага тартылды.

Жогорку Соттун расмий сайтында сот процессинин протоколу жана өкүм толук жарыяланды. Анда Москвада жашап жүргөн К.у.А. 2022-жылдын июнь айында "материалдык пайда табуу үчүн" Орусиянын аскердик топторунун бирине кошулуп, Украинадагы согушка катышканы жазылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG