Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Жоробаев: Чек арадагы чырда зыян тарткан машиненин чыгымын тажик тарап төлөп берет


Кыргыз-тажик чек арасы. Тажикстандын Кожалы (Хожа-Алъо) айылы. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасы. Тажикстандын Кожалы (Хожа-Алъо) айылы. Архивдик сүрөт.

24-июлда чек арада болгон окуядан кийин зыян келтирилген Кыргызстандын милициясына тиешелүү автоунаанын чыгымын тажик тарап төлөп бермей болду.

Бул тууралуу Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев 25-июлда «Азаттык» радиосуна кабарлады. Анын айтымында, жарандардын жабыркаганы, калган автоунаалардын чыгымы боюнча тиешелүү экспертизалардын жана укук коргоо кызматтарынын иликтөөсүнөн кийин чечим кабыл алынат.

Аким тараптар ортосунда күнүмдүк тиричиликке байланыштуу пикир келишпестик болгонун, жаңжалды эки тарап иликтей турганын кошумчалады.

"Кыргызстандын үч жараны биринчи жардам алгандан кийин үйлөрүнө жөнөтүлдү, абалдары жакшы. Чек ара аймагында абал тынч, элдер күнүмдүк тирилиги менен алектенип жатат ", - деди Учкунбек Жоробаев.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы чек арадагы окуя электрондук журналга катталып, иликтөө иштери башталганын, ооруканага кайрылган жарандарга экспертизалар дайындалганын билдирди. Коомдук коопсуздукту камсыздоо, абалды туруктуу кармоо боюнча Баткен облусунун башчысы менен Тажикстандын Согд облусунун башчысы да сүйлөшүү жүргүзгөн.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы дүйшөмбү күнү кечке жуук чектеш аймактардын тургундарынын ортосунда чыр-чатак чыкканын кабарлаган.

Машинеде Ак-Сай - Көк-Таш жолунда бараткан Баткендин Ак-Сай айылынын тургундарынын жолун сегиз автоунаадан турган колонна менен Ворух анклавынан Кожалы (Хожа-Алъо) айылына багыт алган тажик жарандары кесип, натыйжада Дача тилкесинде тараптардын ортосунда мушташ чыккан.

“Чыр-чатак күчөп кетпеши үчүн окуя болгон жерге Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкери барган. Бирок ага Хожа-Алъо (Кожалы ред.) айылынын тургундары кол салган. Ал кызматкер окуя болгон жерден качып чыгууга жетишкен. Тажикстандын жарандары аны сабаганга аракет кылып, автоунаасынын арткы терезесин сындырышкан”, - деп кабарлады УКМК.

Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар жолдун өздөрү жагына койгон тосмолорду алууну макулдашкан. Ага ылайык, кыргыз тарап Дача аймагындагы, тажик тарап Кожалы (Хожа-Алъо) чек ара тозотуна бараткан жолдогу тосмону алмай болгон.

Тажикстан тараптан бул окуяга байланыштуу комментарий боло элек. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG