Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

"Вагнер" менен кызматташкан Малинин үч расмий өкүлү санкцияга илинди 


Француз армиясы тараткан бул сүрөттө Малинин түндүгүндө жүргөн "вагнерчилер" чагылдырылган. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.
Француз армиясы тараткан бул сүрөттө Малинин түндүгүндө жүргөн "вагнерчилер" чагылдырылган. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.

Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги Малинин башында турган аскердик хунтанын үч расмий өкүлүн "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын "дестабилдештирүүчү" ишмердүүлүгүн колдогону үчүн санкцияга киргизди.

Бул тууралуу маалымат мекеменин сайтына 24-июлда жарыяланды.

"Кара тизмеге" коргоо министри, полковник Садио Камара, Малинин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Алу Бои Диарра жана анын орун басары, подполковник Адама Багайоко кирди.

Маалыматка караганда, Камара Малиге "Вагнердин" аскерлеринин киргизилишин жактап, 2021-жылы Орусияга бир нече жолу келип кеткен.

Билдирүүдө "Вагнер" аскердик компаниясы өлкөгө киргенден бери карапайым тургундар арасында өлүмдүн саны 278% өскөнү жазылган.

"Алардын көбү "Вагнер" менен биргеликте Малинин куралдуу күчтөрү өткөргөн операциялардын жыйынтыгында мерт кетишкен", - деп белгиленет.

24-июлда "Хьюман Райтс Уотч" эл аралык уюму өз алдынча жарыялаган баяндамада "Вагнердин" жалданма аскерлери жана Малинин армиясы талап-тоноого, адамдардын дайынсыз жоголуп, сотсуз жапырт дарга асылышына айыпталган.

Орусиянын "Вагнер" менчик аскердик компаниясы Малиге былтыр декабрда киргизилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG