Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:13

Баткенде чек ара аймактарында кырдаал туруктуу


Тажикстандын Кожалы айылына кире бериш жери. Архив
Тажикстандын Кожалы айылына кире бериш жери. Архив

Кыргызстандын Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймактарында кырдаал туруктуу.

24-июль кечке жуук чек арада болгон окуядан кийин эки тараптын күч кызматтары жана жергиликтүү жетекчилер сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

"Кыргызстандын үч жараны биринчи жардам алгандан кийин үйлөрүнө жөнөтүлдү, абалдары жакшы", - деп билдирди Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы.

Мекеменин маалыматына караганда, "жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында эки тараптан тең чыр-чатакка тиешеси бар жарандар аныкталып, териштирүү иштери башталды. Коомдук коопсуздукту камсыздоо, абалды туруктуу кармоо боюнча Баткен облусунун башчысы менен Тажикстандын Согд облусунун башчысы сүйлөшүү жүргүздү".

24-июлда кечке маал кыргыз-тажик чек арасында катталган чатак боюнча жеринде Кыргызстандын Баткен районунун жана Тажикстандын Исфара районунун акимдери жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугуп, коомдук коопсуздукту камсыздоо макулдашылды.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы дүйшөмбү күнү кечке жуук чектеш аймак тургундарынын ортосунда чыр-чатак чыкканын кабарлады.

Машинеде Ак-Сай - Көк-Таш жолунда бараткан Баткендин Ак-Сай айылынын тургундарынын жолун сегиз автоунаадан турган колонна менен Ворух анклавынан Кожалы (Хожа-Алъо) айылына багыт алган тажик жарандары кесип, натыйжада Дача тилкесинде тараптардын ортосунда мушташ чыккан.

“Чыр-чатак күчөп кетпеши үчүн окуя болгон жерге Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкери барган. Бирок ага Хожа-Алъо (Кожалы ред.:) айылынын тургундары кол салган. Ал кызматкер окуя болгон жерден качып чыгууга жетишкен. Тажикстандын жарандары аны сабаганга аракет кылып, автоунаасынын арткы терезесин сындырышкан”, - деп кабарлады УКМК.

Тажикстан тараптан бул окуяга байланыштуу комментарий боло элек. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG