Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр боюнча териштирүү башталды


Баткен облусу. Исфарага бараткан жол. Архив
Баткен облусу. Исфарага бараткан жол. Архив

Кыргызстандын Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймактарында кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы 24-июлда саат 23:30дар чамасында билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, "жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында эки тараптан тең чыр-чатакка тиешеси бар жарандар аныкталып, териштирүү иштери башталды".

"24-июлда кечке маал кыргыз-тажик чек арасында катталган чатак боюнча жеринде Кыргызстандын Баткен районунун жана Тажикстандын Исфара районунун акимдери жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугушуп, коомдук коопсуздукту камсыздоо макулдашылган", - деп жазылган маалыматта.

Буга чейин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы дүйшөмбү күнү чектеш аймактардын тургундарынын ортосунда чыр-чатак чыкканын ырастаган.

Машинеде Ак-Сай - Көк-Таш жолунда бараткан Баткендин Ак-Сай айылынын тургундарынын жолун сегиз автоунаадан турган колонна менен Ворух анклавынан Кожалы (Хожа-Алъо) айылына багыт алган тажик жарандары кесип, натыйжада Дача тилкесинде тараптардын ортосунда мушташ чыкканын билдирген.

“Чыр-чатак күчөп кетпеши үчүн окуя болгон жерге Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкери барган. Бирок ага Хожа-Алъо (Кожалы) айылынын тургундары кол салган. Ал кызматкер окуя болгон жерден качып чыгууга жетишкен. Тажикстандын жарандары аны сабаганга аракет кылып, автоунаасынын арткы терезесин сындырышкан”, - деп кабарлаган Чек ара кызматы.

Тажикстан тараптан бул окуяга байланыштуу комментарий боло элек. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG