Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Чек ара: Кыргызстан "тажик жарандары милиция кызматкерине кол салганын" билдирди


Баткен. Кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Сай айылы. Архив
Баткен. Кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Сай айылы. Архив

Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы 24-июлда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуя тууралуу маалымат берди.

Мекеменин маалыматына караганда, машинеде Ак-Сай - Көк-Таш жолунда бараткан Баткендин Ак-Сай айылынын тургундарынын жолун сегиз автоунаадан турган колонна менен Ворух анклавынан Кожалы (Хожа-Алъо) айылына багыт алган тажик жарандары кесип, натыйжада Дача тилкесинде тараптардын ортосунда мушташ чыккан.

“Чыр-чатак күчөп кетпеши үчүн окуя болгон жерге Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкери барган. Бирок ага Хожа-Алъо (Кожалы ред.:) айылынын тургундары кол салган. Ал кызматкер окуя болгон жерден качып чыгууга жетишкен. Тажикстандын жарандары аны сабаганга аракет кылып, автоунаасынын арткы терезесин сындырышкан”, - деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматы ушу тапта эки тараптын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү жүрүп жатканын билдирди.

Кыргызстандын бардык күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдары кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абалды турукташтыруу үчүн тийиштүү чараларды көрүп жатканын кабарлады.

Тажикстан тараптан бул окуяга байланыштуу комментарий боло элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG