Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Кыргызстанда энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал режими киргизилет


Токтогул ГЭСи.
Токтогул ГЭСи.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы 24-июлда маалымат таратты.

Анда чечим климаттык өзгөрүүлөр, Нарын дарыясынын бассейнине суунун аз топтолушу, энергияны керектөө ашыкча тездик менен көбөйгөнүнө байланыштуу энергетикалык кризистен өлкөнү чыгаруу боюнча шашылыш чараларды көрүү үчүн кабыл алынганы айтылат.

Ага ылайык, Кыргызстандын энергетика тармагында 2023-жылдын 1-августунан 2026-жылдын 31-декабрына чейин өзгөчө кырдаал режими жарыяланат.

Министрлер кабинети бир жумада энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн жарактуу жер тилкелерин аныктоо жана бөлүп берүү укугун белгиленген тартипте Энергетика министрлигине берет.

Өзгөчө кырдаал режими колдонулган мезгилде Кыргызстандын энергетика министринин укуктары кеңейтилет. (Кененирээк бул жакта)

Энергетика тармагында мамлекеттин үлүшү бар ишканаларга, акционердик коомдорго жана алардын туунду коомдоруна өзгөчө кырдаалдын көрсөтүлгөн режимин киргизүү менен байланышкан иш-чараларды жүзөгө ашыруунун алкагында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеңилдетилген шартта сатып алууга уруксат берилет.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 20-июлда өкмөттүн жарым жылдык ишин жыйынтыктаган жыйынында соңку жагдайлардан улам бул тармакка үч жылга өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштаган.

Кыргызстанда 2022-жылы 13,85 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, 15,9 млрд. кВт/саат керектелген. Дефицит импорт аркылуу жабылган. 2023-жылы керектөө 17 млрд. кВт/саат болот деп эсептелип жатат.

Эң ири “Токтогул” суу сактагычында суу аз болуп жаткандыктан, электр кубатын өндүрүү быйыл 15 млрд. кВт/саатка жетпей калышы мүмкүн деп болжолдонууда. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG