Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:43

ИИМ Динара Кутманованын уулу эл аралык издөөдө болгонун билдирди


Динара Кутманова менен анын уулу Кемелбек Кутманов. Коллаж.
Динара Кутманова менен анын уулу Кемелбек Кутманов. Коллаж.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын уулу Кыргызстандан качан, кандай жол менен кеткени тууралуу маалымат берди. Ошондой эле 27-июндан бери эл аралык издөөдө болгонун кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, Кемелбек Кутманов 29-майда Кыргызстандан Казакстанга барып, андан ары Алматы-Вьетнам каттамы менен учкан. Андан соң 13-июнда Вьетнамдан кайра Алматыга келип, кайра Москвага учуп кеткен.

"Ал 14-июнунда Москва-Цюрих-Дубай каттамы менен учкан, 19-июнунда Дубай-Москва каттамы менен Орусияга кайтып келген, андан соң Москва-Стамбул каттамы менен Түркияга учканы аныкталган. Кутманов 10-июлда Стамбул шаарындагы полиция органдарына өзүнүн уурдалгандыгы тууралуу арыз менен кайрылган, бирок атайын иш-чаралардын жүрүшүндө уурдалганы тууралуу факт тастыкталган эмес",-деп жазылган маалыматта.

ИИМ 13-июнда Улуттук коопсуздук комитети Жаратылыш фондуна байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында Кутманованын уулунун жакын досун кармаганын, Кемелбек Кутманов ал тууралуу Вьетнамда аэропортто жүргөндө билгенин белгилеген.

Ошондой эле экс-министрдин уулуна 27-июнда эл аралык издөө жарыяланганын, түрк миграция кызматы аны 11-июлда кармаганын, азыркы тапта Кыргызстанга депортациялап, кылмыш жоопкерчилигине тартуу аракети көрүлүп жатканын кошумчалады.

Мунун алдында Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу Кутманованын уулу ушул тушта шаардагы департациялоо борборунда экени, жакын арада Кыргызстанга жөнөтүлөрүн билдирген.

Ага чейин президент Садыр Жапаров 24-июлда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Кутманованын айланасындагы соңку жагдайлар тууралуу суроого жооп берип, экс-министрдин уулу Стамбулда уурдалган деген билдирүүнү четке каккан жана Кумтөрдөн желген акчаларга байланыштуу тергөө жүрүп жатканын, күнөөлүүлөр аныкталса жазаланарын эскерткен.

"Кутманованын баласын эч ким уурдабаптыр. Мага да Динара айым ыйлап кайрылганынан чындап эле ишенип алыпмын. Дароо министрге чалдым. Чалсам, "спектакль уюштуруп атышыптыр" дейт. Көрсө, жоопкерчиликтен качыш үчүн өздөрү уюштуруп коюшуптур. Түркияда кармалып турат. Жакында депортация болуп келет. "Кумтөр" маселесинде колдоду эле деп кантип жоопкерчиликтен четтетип коебуз? "Кумтөрдөн" жаратылышты жашылдандырууга деп бөлүнгөн акчаны жеп коюптур деп жатышат. Бир тууган сиңдиси дароо баарын ачык айтып чыкты. Кайсы акчалар каякка кеткен, кимиси канча акча алган жана башка баарын айтып көрсөтмө берди. Эми баласы келсе, ал да сурак берет. Тергөө көрсөтөт. Таза болсо акталышат. Жеп койгон болсо, төлөшөт. Коомчулукка баары ачык болот", - деген эле Жапаров.

Кутманова уулун Түркиядан белгисиз бирөөлөр кармап кетип, “Кыргызстандагы айрым адамдардын буюртмасы менен” деп алгач 2 миллион доллар талап кылып, кийин 600 миң долларга түшүрүп коё беришкенин, аны ким уурдап, ким буюртма бергенин аныктоо өтүнүчү менен ИИМге да, УКМКга да кайрылып, бирок жооп албаганын айтып чыккан болчу.

20-июлда өкмөттүн жарым жылдык ишин жыйынтыктаган отурумда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев "коррупцияга" аралашкан мамлекеттик кызматкерлер эртеби-кечпи жазасыз калбай тургандыгын эскертип, Кутманованы мисал кылып, аны "Кумтөрдүн" акчасына байланыштуу айыптаган эле. Экс-министр дооматтарды четке каккан.

УКМК 22-июлда Жаратылышты өнүктүрүү фондунун кызматкерлери аралашкан фактылар иликтенип жатканын, козголгон кылмыш ишинин алкагында сегиз адамга айып коюлуп, алтоо камалганын кабарлаган эле. Анда Кутманованын өзү менен тергөө иш-чараларын өткөрүү пландалып жатканы белгиленген.

Министрликке 2021-жылы келген Кутманова кызматынан быйыл мартта күтүүсүз алынганда, бул үчүн өкмөт башчы Акылбек Жапаровду күнөөлөгөн эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG