Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:35

Тажикстанда жарыктын өчүрүлүшүнө даттангандар көбөйдү


Иллюстрация
Иллюстрация

Тажикстандын түндүгүндө жарык тез-тез өчүрүлүп жатканына даттангандар көбөйүүдө. "Озоди" радиосу жазгандай, электр энергиясына чектөө тууралуу расмий айтылган эмес. Айрыкча Согд облусунун тургундары жарык суткасына бир нече саатка өчүрүлүп жатканын айтып жатышат.

Тажикстанда электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашы көптөн бери чечилбей келе жатат. Адатта күз-кыш мезгилдеринде элет тургундары күн сайын бир нече саат бою жарыксыз калышат.

Өткөн аптада чыгарылган расмий статистикада өлкөдө электр энергиясын экспорттоо былтыркыга салыштырмалуу азайганы да айтылган.

Келишимдерге ылайык, Дүйшөмбү Ооганстанга жыл бою, Өзбекстанга жазында жана жайында электр энергиясын берип турат.

Коомдо биринчи кезекте элге жылуулук, жарык берүү керек дегендер арбын.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG