Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:44

Москванын мэри шаар дрон чабуулуна туш болгонун билдирди


Москва. 2023-жыл, 24-июль
Москва. 2023-жыл, 24-июль

Орусиянын башкалаасы пилотсуз учактардын чабуулуна туш болгонун дүйшөмбүдө шаар мэри Сергей Собянин Телеграм-каналына жазды:

"Бүгүн саат 4 чамасында дрондор эл жашабаган эки имаратка сокку урганы катталды. Чоң зыян тарткандар жана жабыркагандар жок".

Коргоо министрлиги Украина Москвага эки дрон менен сокку урууга аракеттенгенин билдирди. Бир катар маалымат каражаттары жабдыктардын бири министрликтин имаратына эки чакырымга жакын жерге кулап түшкөнүн кабарлашты. Мекеме окуяны "теракт" деп атады.

Бир катар Телеграм-каналдар Москвадагы көп кабаттуу имараттан түтүн чыгып жатканы тартылган видеону жарыялашты.

Дрондор ошол имараттарды бутага алганбы, же атып түшүрүлгөндө тийгенби, белгисиз. Москванын түштүгүндөгү бир нече көчө окуяга байланыштуу убактылуу жабылганын жергиликтүү басылма жазды.

Киев азырынча чабуулду комментарийлеген жок. Орусиянын ичиндеги чабуулдарга украин бийлиги расмий түрдө жоопкерчиликти өзүнө албайт. Ошол эле маалда Орусиянын аскердик инфратүзүмүн талкалоо Киевдин контрчабуулуна жардам берерин айтып келет.

Орусиянын бийлиги буга чейин дагы башкалаа дрон чабуулуна кабылганын маалымдаган эле. 30-майда Москвага 25 дрон менен чабуул жасалганы айтылып, шаар мэри Сергей Собянин эки учкучсуз аппарат үйлөргө кулап, айрым имараттар азыраак жабыркаганын билдирген болчу.

4-июлда эртең менен Внуково-3 өкмөттүк аэропортуна жакын жерди учкучсуз учактар бутага алганы кабарланган. Орусиянын Коргоо министрлиги Москва облусундагы объектилерге беш дрон менен чабуул жасалганын жарыялаган. Орусия муну "террордук акт" деп атаган эле. Расмий маалыматта бардык дрондор жок кылынганы, жабыркагандар жана кыйроолор жок экени айтылган. Ошол маалда аэропорт эки саат иштебей турган. Киев буга комментарий берген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG