Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:20

Донецк облусунда Deutsche Welle радиосунун оператору жаракат алды


Украинада согушта иштеп жүргөн журналисттер. Апрелде тартылган сүрөт. Иллюстрация үчүн колдонулду.
Украинада согушта иштеп жүргөн журналисттер. Апрелде тартылган сүрөт. Иллюстрация үчүн колдонулду.

Украинанын Донецк облусунда Германиянын Deutsche Welle каналынын оператору Евгений Шилко жараат алды. Журналисттин айтымында, алар Украинанын аскер кызматкерлеринин Краматорск аймагындагы машыгуусун тасмага тартып жаткан маалда аткылоого кабылган. Шилко ооруканада жатат. Анын абалы туруктуу деп бааланууда.

Deutsche Welle билдиргендей, орус армиясы кассеталык бомбалар менен сокку урган. Анда бир украин аскери набыт болуп, дагы бир нечеси жараат алды.

Орусиянын Украинага согушу бери ондогон украиналык жана чет элдик журналисттер менен блогерлер каза болду. Өткөн жылдын апрель айында Киевге ракеталык чабуул жасалганда "Азаттык" радиосунун украин кызматынын журналисти Вера Гирич да каза тапкан.

22-июлда Орусиянын Коргоо министрлиги бир нече орус журналисттери Запорожьеде кассеталык снаряддар менен аткыланганын билдирген эле.

"РИА Новости" агенттигинин аскердик кабарчысы Ростислав Журавлев каза таап, фотожурналисти Константин Михальчевский жана "Известия" басылмасынын кызматкерлери Дмитрий Шиков менен Роман Полшаков жараат алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG