Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:07

Саакашвили Навальныйга тилектештик билдирди


Саакашвилинин абакта
Саакашвилинин абакта

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили социалдык тармактагы баракчасы аркылуу 22-июлда абактагы орус оппозиционери Алексей Навальныйга тилектештик билдирди. Навальный жаңы кылмыш ишинин негизинде ("Экстремизм") 20 жылга соттолуп кетиши мүмкүн.

"Мен Алексей Навальныйга тилектештик билдирем! Абдан таланттуу, эркиндик үчүн, адамгерчиликсиз орус режими менен күрөшүп жаткан адам 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Алексей, сиз - башыңыздан өткөргөн бардык кыйынчылыктардан да жогору турган, тарыхый чоң нерсенин символусуз. Мен Путиндин режими соңуна болуп көрбөгөндөй тездик менен жакындап калганын сезип турам. А менин туюмум эч качан алдаган эмес. Сиз тирүү жана ден соолукта болушуңуз керек. Сизди Мекениңизге келип алганыңыз үчүн айыптап жаткандарды укпаңыз. Мейли, ал түрмөдөгү азап болсун, өлкөнү сырттан туруп өзгөртө албайбыз", - деп жазды Саакашвили Твиттердеги баракчасына.

Алты жылга соттолгон Саакашвили былтыр жыл аягында абактан Тбилисидеги жеке клиникалардын бирине которулган. Жактоочулар анын саламаттыгы тездик менен начарлап баратканын айтышкан. Саакашвили өзү ууландырылганын билдирген. Грузин бийлиги муну четке кагып келет.

Ушул жылдын апрелинде Навальный Грузия бийлигине кайрылып, Саакашвилини дарыланууга кое берүүгө чакырган.

Ал эми Алексей Навальный өзү 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып келатканда кармалган. Бир нече кылмыш иши козголуп, соттолгон. Ушул тапта экстремизмге байланыштуу айыптоо иши боюнча сот жараянына даярдык жүрүүдө. Саясатчыга өкүм 4-августта чыгышы мүмкүн. Тергөө аны "террордук жамаат түптөгөн" деп айыптап жатат. Навальный өзү муну "саясий куугунтук" деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG