Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:18

Чек арадан Ташиевдин атын айтып өтүүгө аракет кылган адам камалды


УКМК кармаган жаран. 22-июль, 2023-жыл.
УКМК кармаган жаран. 22-июль, 2023-жыл.

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл пунктунан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган С.А.Э аттуу жаран кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматында, 22-июлда түнкү саат 2:30 чамасында Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү автоунаа чек ара сызыгына баш ийбей, каршы тилкеге чыккан.

Күч кызматкерлери аны токтотуп, кармаган учурда ал атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев менен байланышы бар экенин айтып, бошонуп кетүүгө аракет кылган.

Аталган жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 378-(Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG