Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:59

Казакстанда кыргызстандык келин өз өмүрүнө кол салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Алматы шаарында 29 жаштагы кыргызстандык келин кичинекей балдарынын көзүнчө асынып алганын Tengrinews.kz. сайты жазды.

Кыргызстандын Алматыдагы консулу Назарали Ариповдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча кыргызстандык келин бир нече жыл мурда казак жарандыгын алган.

"Учурда Казакстанда иш козголду. Биздин юристтер маркумдун жакындарын таап, аларга сөөктү чыгарып берүүгө көмөктөшүп жатат", - деди Арипов.

Казакстандын маалымат каражаттары 29 жаштагы келинди өзү жашаган батирде асылып турган жеринен коңшулары тапканын жазышты.

Келинди таанып-билгендер Tengrinews.kz. басылмасына маркумга күйөөсү зомбулук көрсөтүп жүргөнүн айтып беришкен.

Окуя боюнча Алматынын полициясы "Өзүн өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен кылмыш ишин козгогону кабарланды.

Казакстанда иштеп, жашап, жарандык алган кыргызстандыктардын саны тууралуу так маалымат жок.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин соңку маалыматына ылайык, Казакстанда 30 миңге чукул кыргызстандык жаран жашап-иштеп жүрөт.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG