Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:35

CPJ Дүйшөмбүнүн Pamir Daily News басылмасын жабуу чечимин айыптады


 Pamir Daily News сайтынан алынган сүрөт.
Pamir Daily News сайтынан алынган сүрөт.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналистерди коргоо комитети Тажикстандын Жогорку Сотунун Pamir Daily News басылмасын "экстремисттик" деп таап, өлкө аймагында анын ишмердигине тыюу салган чечимин айыптады.

Эл аралык уюм 20-июлда тараткан билдирүүдө "тажик бийлиги памир азчылыгы тууралуу жазган маалымат каражаттарына кысымды токтотушу керек" деп айтылды.

Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гүлноза Саиддин айтымында, "тилекке каршы, Тажикстан бийлигинин ушундай кадам жасай тургандыгы белгилүү болчу".

Журналисттерди коргоо комитети расмий Дүйшөмбүнү Pamir Daily News басылмасынын ишмердигин токтотуу боюнча чечимин жокко чыгарууга чакырды. Бийлик уюмдун билдирүүсүнө азырынча эч кандай жооп кыла элек.

Тажикстандын Жогорку Cоту Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы окуяларды чагылдырган Pamir Daily News интернет-басылмасын "экстремисттик" деп таап, өлкө аймагындагы ишмердигине тыюу салганы тууралуу маалымат 19-июлда Башкы прокуратуранын сайтына чыккан.

Сот чечимди 14-июнда кабыл алган.

Тажикстандын Кылмыш-жаза кодексинде экстремисттик деп табылган уюмдар менен кызматташкандыгы үчүн беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Pamir Daily News басылмасынын жетекчилиги муну саясий кысым деп, редакция өз ишин уланта берерин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG