Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:34

Астана: Казакстан экинчи деңгээлдеги санкцияларга кабылбоого аракет көрөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстан үчүн экинчи деңгээлдеги санкция маселесине кабылуу кооптуу. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Алмас Айдаров 21-июлдагы маалымат брифингинде "Азаттыктын" казак кызматынын суроосуна жооп берип жатып айтты.

"АКШнын бир катар баяндамаларында жана документтеринде Кыргызстан жүрөт. Казакстан экинчи деңгээлдеги санкцияларга такыр кабылбашын каалайт элек", - деди Айдаров.

АКШнын Каржы министрлиги Орусияга микрочиптерди жана башка технологияларды жөнөткөн төрт кыргыз компаниясына санкция салды.

20-июлда жарыяланган маалыматка ылайык, Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компанияларына жана алардан товар алып турган орусиялык ишканалар (“Базис Трейд Прософт”, “Радиотехснаб”, “Регион-проф”, “Технологии, системы и комплексы”, “СиАйСи”) АКШнын кара тизмесине киргизилген.

"Биз санкцияларга кабылбаш үчүн Америкадагы жана Европадагы өнөктөштөрүбүз менен мүмкүн болушунча ачык мамиле кылып, колубуздан келген аракеттердин баарын көрүп жатабыз. Биз аларга соода макулдашуулардын баарын ачык көрсөтүп, эгер компанияларыбыз санкциялык эрежелерди бузуп жатса, бизге дароо айтыңыздар деп сурандык. Анткени бул биздин кызыкчылыгыбызга төп келет", - деп кошумчалады Айдаров.

АКШ ошондой эле Орусиядагы бир катар ишканаларга жана Бириккен Араб Эмираттарындагы бир компанияга да санкция салды.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун бир нече кызматынын июнь айындагы иликтөөсү Бишкекте былтыр ачылган RM Design and Development ишканасы жана “ГТМЕ Технологии” жабык акционердик коому Кыргызстандан Орусияга Батышта чыгарылган, санкцияга туш болгон микрочиптерди жөнөтүп жатканын көрсөткөн. RM Design and Development компаниясынын кожоюндары бул товарлар тууралуу комментарий берүүдөн баш тарткан. “ГТМЕ Технологии” ишканасынын жетекчилиги “коммерциялык сыр” деген жүйө менен Орусияга жөнөтүлгөн микрочиптер тууралуу маалымат берген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG