Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

Австралия Орусиянын 35 ишканасына санкция киргизди


Иллюстрация
Иллюстрация

Австралия Орусия менен Беларуска каршы санкцияларды киргизди. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, чектөөлөр Орусиянын коргоо, технология жана энергетика тармагындагы 35 ишканага, ошондой эле Орусия менен Беларустун 10 жаранына тиешелүү.

Кара тизмеге түшкөндөрдүн арасында Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова баштаган аткаминерлер, беларустук аскер адамдары бар.

Австралия өкмөтү бул чаралар Орусиянын Украинага мыйзамсыз басып кирүүсүн түз же кыйыр түрдө колдогон кишилерге жана юридикалык жактарга колдонулганын маалымдады.

"Австралиянын Орусияга каршы санкциялык режими биздин Украинанын элин, анын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганыбызды көрсөтөт", - деди тышкы иштер министри Пенни Вонг.

Австралия буга чейин да Украинадагы согушту колдогон 1000ден ашуун адамга жана уюмга санкция салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG