Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:42

Тоют экспортуна быйыл да чектөө киргизилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл да тоюттун бардык түрлөрүн сыртка чыгарып сатууга убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу бүгүн 20-июлда өкмөттүн жарым жылдыктын жыйынтыгын талдаган жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Министр өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун тоют быйыл былтыркыга караганда 30 % аз камдалары тууралуу суроосуна жооп берип жатып былтыр да ушундай абал болгондо чектөө киргизилгенин айтты:

“Долбоорун даярдадык. Тоюттун бардык түрлөрүнө экспортко чектөө киргизебиз. Экономика жана коммерция министрлиги менен сүйлөшүү иштери жүрүп жатат. Бул биринчиден. Былтыр да, мурдагы жылы да ушундай абал болгондо чектөө киргизгенбиз. Экинчиден, Кыргызстанга импорттолуп келе турган тоюттун бардык түрлөрүнө жеңилдик беребиз. Үчүнчүдөн, азыр “Айылбанктын” каржылоосу менен ар бир облуста аралаш тоют чыгаруучу завод куруу боюнча адистер иштеп жатат".

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров тоют тартыштыгына байланыштуу малчылар жайлоодон түшкөндө малын көп сатууга аргасыз болорун, аларга мамлекеттен колдоо көрсөтүлүшү керектигин белгиледи.

Айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн сыртка алып чыгууга убактылуу чектөө чараларын өкмөт 2020-жылдан тартып киргизилип келет. Чектөө тизмесине чөп, саман, аралаш тоют, кебек жана дан тоют кирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG