Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:34

"Октябрь" кинотеатрынын имараты Чүй облустук театрына берилди


"Октябрь" кинотеатры.
"Октябрь" кинотеатры.

Бишкектеги "Октябрь" кинотеатрынын имараты Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрына өткөрүп берилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысына кинотеатрдын, кинематография депратаментинин жана театрдын жетекчилери кол койгон.

Термечиков атындагы облустук театрдын түзүлгөнүнө быйыл 31 жыл болду. Алгачкы жылдары Бишкек шаардык драма театрынын имаратында спектаклдерди коюп жүргөн, бирок ал жерди ээлеп калган эмес. Кийин театр Токмок шаарындагы маданият үйүнө көчүп, бир канча жылдан кийин ал жайдагы ички эрежелердин өзгөргөнүнө байланыштуу кайра борборго кайткан.

Борбордон Аламүдүн райондук маданият үйүндө 5-6 жыл жайгашкандан кийин, толук шарттын жоктугунан ал жактан да чыгып, театр артисттери 8 жылдан бери Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын бир бурчун колдонуп келген.

Театрдын жылдык бюджети 4 млн. сомго жакын. Анда администрациялык бөлүм, техникалык жасалгалоо, гримдөө жана актёрдук жамааты болуп жалпысынан 43 адам эмгектенет.

Учурда өлкөнүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагында 20дан ашык театр бар. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG