Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:25

Өкмөт жыйыны: Кумтөрдүн акчасынан улам Кутмановага доомат айтылды


Динара Кутманова.
Динара Кутманова.

20-июлда өкмөттүн жарым жылдык ишин жыйынтыктаган жыйынында Улуттук коопсуздук комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев "коррупцияга" аралашкан мамлекеттик кызматкерлер эртеби-кечпи жазасыз калбасын эскертти. Буга байланыштуу мурдагы экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованы мисал кылды жана аны Кумтөрдүн акчасына байланыштуу айыптады.

"Мамлекеттин бюджетине кол салган аткаминер жазасыз калбайт. Иштен кеткен болсоң дагы артыңдан кууп барып жазалайбыз. Бир эле мисалды айтайын. Мына, кечээ эле араңарда отурган, министр болгон Кутманова деген эжекебиз эсиңерде болсо керек. Кумтөрдөн Жаратылышты коргоо фондуна жылына дээрлик 4 миллион доллар бөлүнүп турган. Акыркы 2,5 жылдын ичинде 1 миллиард сомдун тегерегинде акча бөлүнгөн. Ал жерде 110дон ашык долбоор иштетилген, бирок бүгүнкү күндө бир дагы долбоордон натыйжа жок. Ал жерге (Кутманова -ред) жалаң баласын, сиңдисин, тууган-уругун, досторун, баарын аралаштырып алган. Ошонун баары азыр, ал иштен кеткенден кийин чыгып жатат. Бирок биз буга чейин иштеп жатканбыз, ушунун негизинде жазасын алышат".

Динара Кутманова бул дооматтарга байланыштуу азырынча комментарий бере эле.

Динара Кутманова министр болуп 2021-жылы 13-октябрда дайындалган. Ага чейин 2020-жылы ноябрдан баштап Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин директору болуп турган. Кийин бул мекеме жоюлуп, министрлик болуп түзүлгөн.

Ал министр болуп турганда Бишкектеги жана бир катар шаардагы абанын булганышына байланыштуу ага сын-доомат көбөйгөн. 2022-жылы аткаруу бийлигинин ишин мониторинг кылууда аталган министрликке "төмөн" деген баа берилген.

Кутманова министр кызматынан быйыл мартта күтүүсүз алынган жана буга байланыштуу өкмөт башчы Акылбек Жапаровду күнөөлөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG