Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:47

Барктабасов Кумтөрдөн алты айда 5,5 тонна алтын алынганын айтты


Кумтөр алтын кениндеги алтын өндүрүү учуру. 31-январь, 2023-жыл.
Кумтөр алтын кениндеги алтын өндүрүү учуру. 31-январь, 2023-жыл.

Кумтөр алтын кенинде быйыл жыл башынан берки алты айда жалпы суммасы 341,3 млн. доллар турган 5 499 килограмм алтын өндүрүлдү. Бул маалыматты 19-июлда өкмөттө Кумтөр алтын кенинин жарым жылдык ишинин жыйынтыгы талкууланган учурда ишкананын президенти Алмаз Барктабасов билдирди.

"Өнүктүрүү фондуна 5,3 млн. доллар төлөндү. Социалдык өнүктүрүүгө мүчөлүк акы катары 800 миң доллар берилди. Жарым жылдагы таза киреше - 101,2 млн. долларды түздү", - деди Алмаз Барыктабасов.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр Кыргызстандын башкы долбоору гана эмес, эл үчүн иштеп жаткан улуттук жетишкендик экенин айтты.

"Ишкананын жетекчилиги андагы өндүрүшкө гана эмес, мына ушул жетишкендикти сактап калууга жооптуу. Өзгөчө көңүл ишкананы башкаруу сапатын жана кендеги коопсуздукту камсыздоого бурулушу керек. Сиздерге президент тарабынан берилген тапшырмалар коюлган, ал аткарылышы зарыл", - деди Акылбек Жапаров.

2023-жылы 14 тонна алтын өндүрүү планы коюлган. Экономика жана коммерция министрлиги быйылкы жарым жылдыкта Кумтөр кенинде негизги металлдарды өндүрүүнүн көлөмү кыскарганын, кендин курамында алтындын көлөмү азыраак чыгып жатканын билдирген.

Кыргыз өкмөтү Кумтөр кенине тышкы башкаруу киргизген 2021-жылы 14,6 тонна алтын алынган. Мунун 4-5 тоннасын кенге ага чейин ээлик кылган канадалык “Центерра Голд” компаниясы чыгарып кетсе, 10 тоннасы Кыргызстандын өзүндө калган. Кыргыз бийлиги мындан 323 миллион доллар киреше тапканын маалымдаган. Натыйжада мамлекетке 13,6 миллиард сом салык төгүлгөн.

2022-жылы 17,3 тонна алтын өндүрүлүп, план 200 килограммга ашыкча аткарылган. Компания мындан 986,5 миллион доллар киреше тапкан. Натыйжада ишкана мамлекетке 32,1 млрд. сом салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төккөн.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG