Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:49

Беларус Орусия менен чек арасынан өткөндөрдү текшерүүнү токтотту


Беларус желеги. Иллюстрация.
Беларус желеги. Иллюстрация.

Беларус Орусия менен чек арадагы пункттарынан өткөндөрдү текшерүүнү токтотту. Бул тууралуу РБК басылмасы Беларустун Мамлекеттик чек ара комитетинен расмий өкүлү Антон Бычковскийге таянып жазды. Бирок мындай чечим канча убакытка кабыл алынганы белгисиз экенин "Зеркало" басылмасы кабарлады.

Беларус бийлиги чек арадагы жүргүнчүлөрдү дыкат текшере баштаганы быйыл майда белгилүү болгон.

Адамдардын документтер, жүктөрү гана эмес, телефондорунан бери текшерилип, Беларуска кандай максатта кирип-чыгып жатканы тууралуу да маалымат суралган.

Коопсуздук комитетинин башчысы бул чара террордук, экстремисттик уюмдарды, адамдарды аныктоо максатында ишке ашырылып жатканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG