Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:59

Аннексияланган Крымдагы ок-дары кампасынан өрт чыкты


Өрт Старый Крым шаарына жакын жердеги ок-дары сакталган кампада тутанган.
Өрт Старый Крым шаарына жакын жердеги ок-дары сакталган кампада тутанган.

Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралындагы Киров районунда орус армиясынын ок-дарысы кампасы өрттөнүп жатат. Өрттүн тутанган себеби азырынча кабарлана элек.

Аймактын Москва дайындаган жетекчиси Сергей Аксенов 19-июлда эртең менен өрттүн айынан Керч, Симферопол жана Севастопол менен байланыштырган "Таврида" жолу жабылганын билдирди. Өрт болгон аймакка жакын төрт конуштан эки миңдей адам коопсуз жайга көчүрүлгөнүн маалымдады.

Аксенов Киров ройонундагы полигондо тутанган өрттөн жабыркагандар жоктугун, кырсыктын себебин тергөө органдары аныктаарын айтты.

"Эвакуацияланган тургундарга жардам көрсөтүлүп жатат. Алар убактылуу жайларга жайгаштырылды жана керектүү нерселердин баары менен камсыз болду. Кырсыктын кесепети чукул арада жоюлат", - деди Аксенов.

Украиналык Телеграм-каналдарда Старый Крым шаарына жакын жердеги ок-дары сакталган кампадагы жарылуулар, өрт тартылган видеолорду жарыяланды. Бул шаар Киров районунда жайгашкан.

Айрым маалыматтарга караганда, кампага ракета же дрон менен чабуул жасалган болушу мүмкүн.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматтарга азырынча түшүндүрмө бере элек.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы жазында күч менен өзүнө каратып алган. Эл аралык коомчулук Крымды Украинанын аймагы деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG