Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:46

Акылбек Жапаров арбитраждык соттордо кыргыз өкмөтүн жактаган юристтер менен жолукту


Министрлер кабинети тараткан сүрөт. 17-июль, 2023-жыл.
Министрлер кабинети тараткан сүрөт. 17-июль, 2023-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров арбитраждык процесстерде Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон Willkie Farr & Gallagher эл аралык юридикалык компаниясынын өкүлдөрү менен Бишкекте жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, компаниянын өкүлдөрү 2021-2022-жылдары Кыргызстанга каршы бир катар соттук териштирүүлөрдө, анын ичинде “MegaCom” уюлдук операторунун иши, “Sky mobile” компаниясынын доо арызы жана “Манас Банктын” айланасындагы талаш боюнча Франциянын юрисдикциясындагы арбитраждык чечимди жокко чыгарууда кыргыз тарап менен иштешкен.

Акылбек Жапаров аларды Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоого кошкон салымы үчүн Министрлер кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлады.

2021-жылы Кыргызстан эл аралык арбитраждык сотто Penwell Business Limited компаниясын утуп чыккан. Penwell Business Limited 2017-жылдын июль айында Кыргызстанды эл аралык арбитраждык сотко берип, өлкө “БиМоКом” (MegaCom) компаниясынын инвестицияларын негизсиз ээлеп алган деп даттанган.

Кыргызстандын Юстиция министрлиги 2022-жылдын 23-мартында Франциянын Жогорку кассациялык соту Валерий Белоконь менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы «Манас Банкка» байланышкан көп жылдык талаш-тартышка чекит койгонун кабарлаган. 2011-жылы бул банктын жалгыз акционери Валерий Белоконь Париждеги Эл аралык арбитражга кайрылып, банкты “мыйзамсыз улутташтырган” деп кыргыз өкмөтүнөн 16,5 млн. доллар компенсация талап кылган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG