Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:40

Эл акыны Шайлообек Дүйшеевге ТҮРКСОЙдун алтын медалы ыйгарылды


Султан Раев жана Шайлообек Дүйшеев.
Султан Раев жана Шайлообек Дүйшеев.

Түрк дүйнөсүндөгү үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын эл акыны Шайлообек Дүйшеевге ТҮРКСОЙдун алтын медалы ыйгарылды. 17-июлда медалды уюмдун баш катчысы Султан Раев тапшырды.

Түрк тилдүү мамлекеттердин достугун чыңдоо, аларды бири-бирине жакындатуу максатында иш алып барган ТҮРКСОЙ эл аралык уюму маданият тармагында иштегендерге жыл сайын атайын сыйлык берип келет.

Заманбап кыргыз поэзиясына бараандуу салым кошкон акын Шайлообек Дүйшеев II жана III даражадагы «Манас» орденинин, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын, Байдылда Сарногоев атындагы Эл аралык адабий сыйлыктын, КМШ мамлекеттеринин Чыңгыз Айтматов атындагы парламенттер аралык сыйлыгынын лауреаты.

Шайлообек Дүйшеевдин чыгармалары 1968-жылдан бери жарыяланып келет. Анын кара сөз түрүндөгү автобиографиялык "Агындылар" аттуу үч томдук китеби алгач 2013-жылы жарык көргөн. “Агындылар” алымча-кошумчалары менен сегизинчи жолу басылып чыкты. Чыгарманы Кыргыз радиосу аудиого жаздырып, радио аркылуу уктурган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG