Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:18

Садыр Жапаров Сауд Арабиясына жумушчу сапар менен барат


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 18-20-июль күндөрү Сауд Арабиясында бул өлкөнүн падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу жумушчу сапар менен болот. Анын администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин билдиришинче, жолугушууларда эки тараптуу алака-катышты өнүктүрүү, аймактар аралык кызматташтык маселелери талкууланат.

Ошондой эле Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин башчылары менен эки тараптуу жолугушуулары да пландалган.

Ушул жылдын апрель айында Садыр Жапаров Бишкекте Сауд өнүктүрүү фондунун башчысы Султан Абдурахман Аль-Маршад менен жолуккан. Президенттин басма сөз кызматы анда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, өз ара алака-катыш тууралуу пикир алышуу болгонун билдирген. Аталган фонд "Менин үйүм" программасын жана Суусамыр-Талас-Тараз жолун курууну каржылай турганы айтылган.

Өткөн айда Кыргызстан ипотекалык үйлөрдү куруу үчүн бул фонддон 100 миллион доллар насыя алары белгилүү болгон. Анда бул акчага Бишкектеги №47 абактын бузулган жерине 5050 батир салынат деп белгиленген.

Ага ылайык, президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыргыз курулуш сервис” мамлекеттик ишканасы батирлерди курууга негизги жалданма компания (подрядчик) болот.

Сауд өнүктүрүү фонду менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу 2011-жылы башталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG