Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:25

Касмамбетов парламент өкмөттүн чарба ишине кийлигишпөөсү керектигин айтты


Сүйүнбек Касмамбетов.
Сүйүнбек Касмамбетов.

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, Министрлер кабинетинин төрагасы Эдил Байсалов менен парламенттеги айрым депутаттардын пикир келишпестиги боюнча комментарий берди.

Касмамбетов өлкөдө президенттик башкаруу ыкмасы экенин айтып, “парламенттин өкмөттүн чарба иштерине аралашып жатканы туура эмес” деди.

“Депутаттар мыйзам чыгарып, алардын аткарылышын гана көзөмөлдөгөн органга айланды. Бирок депутаттар мурдагы көнүп калган адаттарынан кете албай жатышат. Чарба иштерине чейин аралашып кеткен учурларды көрүп жатабыз. Бул жерден "өкмөттүн чарбалык иштерине аралашпагыла",- деп Эдил Байсалов туура айтты. Анткени чарбалык иштерди өкмөт аткарыш керек. Жылына бир жолу келип Жогорку Кеңешке отчет берип турушат”, - деген мамлекеттик катчы Байсаловдун кызмат ордун президент чечерин кошумчалаган.

22-июнда Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алуу тууралуу чечим кабыл алып, тиешелүү сунушту президент Садыр Жапаровго жолдогон. Президент ага азырынча жооп бере элек.

Маселеге Социалдык саясат боюнча комитетинин 20-июндагы жыйынында Эдил Байсалов менен депутаттардын ортосундагы кайым айтышуу себеп болгон. Байсалов "Министрлер кабинетин түзгөн президент элдин атынан сүйлөй аларын, парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү гана мүнөздө экенин" айткан.

2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Баш мыйзам кайра өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла кыскарган. Ал Баш мыйзамда депутатты чакыртып алуу жобосу кошулган.

Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп турган Эдил Байсалов 2021-жылы 13-октябрдан бери министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары болуп иштеп жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG