Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:19

УКМК улут аралык кастыкты козутууга шектүү кармалганын кабарлады


УКМК.
УКМК.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бишкек шаарынын бир тургуну улут аралык кастыкты козутууга шек саналып кармалганын билдирди. Анда Фейсбукта "“Ч.А.С.” аттуу жаран "чагымчыл аккаунт ачканы аныкталды, ал жарандар арасында кастыкты козуткан материалдарды такай жарыялап турган",- деп жазылган.

"Шектүү мурда да бир нече жолу улут аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасап, сот аркылуу беш суткага административдик камакка алынган. Бирок ага карабай мыйзамсыз ишин уланткан. Мотко чейинки өндүрүштүн алкагында соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, анын басылмаларында улут аралык кастыктын, жарандардын улуту боюнча төмөндүгүн пропагандалоонун белгилери бар экени такталды",-деп жазылган маалыматта.

УКМКнын билдиришинче, буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүн (“расалык, этностук, улуттук жана диний аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) боюнча кылмыш иши козголду жана шектүү атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Атайын кызмат бул берене менен буга чейин дагы бир канча кылмыш ишин козгогон. “Медиа Полиси” институтунун юристи Нурбек Сыдыков акыркы үч жылда мындай берене менен козголгон кылмыш иштери көбөйгөнүн билдирген. Айып коюлгандардын арасында жарандык активисттер, блогерлер жана журналисттер дагы болгон.

330-берене Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакка алынган жарандык активисттердин, саясатчылардын айрымдарына дагы колдонулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG