Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:49

АКШ Орусияга дан келишиминен чыгуудагы кесепетти эскертти


Жейк Салливан.
Жейк Салливан.

АКШнын президенти Жо Байдендин улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Орусия эгер дан келишиминен чыкса Москва үчүн "дипломатиялык кесепеттер" болорун айтты. Салливан эгер келишимдин мөөнөтү узартылбаса бир катар өлкөлөр зыян тартарын, бул өз кезегинде Орусияга "чоң дипломатиялык кедергисин" тийгизерин эскертти.

Мунун алдында, 16-июлда Одессадагы порттон Украинанын азык-түлүгү жүктөлгөн акыркы кеме жолго чыккан.

Украинадан Кара деңиз аркылуу дан экспорттоо тууралуу азыркы келишимдин мөөнөтү 17-июлда аяктады.

Буга чейин Орусия келишимден чыгарын, анын шарттары аткарылбаганын айтып келген. Москва бул келишим тууралуу азырынча бир ыктай жооп бере элек.

Орусия Украинага согуш ачкандан бир нече ай өткөндөн кийин Кара деңиз аркылуу дан экспорттоо токтоп калган. Бул жагдай дүйнөдө азык-түлүктүн кымбатташына алып келген.

Киев менен Москва Түркия жана БУУнун ортомчулугу алдында дан экспортун кайра жандантуу келишимине былтыр июлда Стамбулда кол коюшкан. Андан бери келишимдин мөөнөтү үч жолу узартылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG