Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:15

Сары-Өзөндө тургундар акциядан кийин камалган үч кишини бошотууну талап кылышты


Сары-Өзөн конушу. 16-июль, 2023-жыл
Сары-Өзөн конушу. 16-июль, 2023-жыл

Бишкектин четиндеги Сары-Өзөн жаңы конушунун 20дан ашык тургуну 16-июлда суу тартыштыгына нааразылык акциясынан кийин кармалган үч кишини бошотууну талап кылып чогулушту.

"Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, топтолгондор президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдошту.

"Биздин суусуз отурганыбызга үч ай болду. Үнүбүздү жеткирүү үчүн, көңүл бурдуруу үчүн чогулдук. Аргасыз ушул кадамга бардык. Камалган үч адамды бошотууну суранабыз. Эгер камай турган болсо баарыбызды камасын!", - деди жыйынга келген жергиликтүү тургундардын бири Жыпар Курманалиева.

Аптапта суусуз калган Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары 14-июлда Жайыл Баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн тосушкан.

Алар үч айдан бери таза сууга жетпей отурганын, маселе тез арада чечилбесе, жолду бууй турганын эскертишкен.

Акцияга чыккандар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тиешелүү мекеме жетекчилери жолугушуп, ишембиде Арча-Бешик менен Селекция, Сары-Өзөнгө суу бир күндөн кезек менен бериле баштай турганын билдиришкен.

15-июлда нааразылык акцияга катышкан бир нече киши суракка чакырылып, алардын ичинен үч адам - митингди видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыгарган блогер Эртай Искаков, жергиликтүү тургундар Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотов жол тосууну уюштурган, бейбаштык кылган деген берене менен кармалып, 48 саатка камакка алынган. Алардын бөгөт чарасын сот 17-июлда карайт.

Сары-Өзөн жаңы конушу Сокулук районуна карайт. Ушул райондун Селекция айылы менен Бишкектин Арча-Бешик конушунун ортосунда жайгашкан.

Бул үч аймакта жана Бишкектин четиндеги Орок айылы, Ынтымак, Ак-Ордо жана башка конуштарда бир нече жылдан бери жайында таза суу тартыштыгы курч маселеге айланды.

Суу ушул аптада башкалаанын борбордук бөлүгүндө да эки күнгө токтогон. (MKt/NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG