Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:06

Украина: Орусиянын соккусунда бир нече жай тургун мерт кетти


Украина. Иллюстрациялык сүрөт
Украина. Иллюстрациялык сүрөт

Ишемби жана жекшембиге караган түнү Украинада орус армиясынын аткылоосунан төрт карапайым киши мерт кетти, сегизи жараат алды. Донецк облусундагы Часов Яр жана Александро-Шултинодо эки киши каза тапты, бирөө жараат алды. Херсон жана Харьков облустарында эки адам набыт болду.

Украин тараптын маалыматы боюнча орус аскерлери Запорожьенин 13 айыл-кыштагына 52 жолу сокку урушту. Облустун аскердик администрация башчысы Степногорск шаарында жети киши жабыркаганын билдирди.

Ал арада аннексияланган Крымдын бийлиги түн ичинде украиналык дрондор Севастополь шаарына чабуул койгонун кабарлады. Маалыматты орус Коргоо министрлиги бышыктап, орус тарап жети дрон жана эки учкучсуз радар пайдаланганын кошумчалады.

Министрлик алардын бардыгы жок кылынганын, соккудан эч ким жабыркабаганын билдирди. Маалыматка караганда, катер, кемелердин кыймылы калыбына келтирилди. Орус билйиктеринин айткандарын көз карандысыз булактардан тастыктоо мүмкүн боло элек.

Орусия украин аймагын күн сайын аткылап келатат. Киев турак жайлар, социалдык кинфраструктура талкаланганын билдирип келет. Орус Коргоо министрлиги жалаң аскердик жайларды бутага алганын айтып, мындай маалыматтарды моюнга албайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG