Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:02

Орусияда дагы бир генерал кызматтан алынганы кабарланды


Владимир Селивёрстов, 14-октябрь, 2020-жыл
Владимир Селивёрстов, 14-октябрь, 2020-жыл

Аскер багыттагы маалыматтарды чагылдырган жана орус күч түзүмдөрүнө жакын делген Телеграм-каналдар коргоо министри Сергей Шойгу аба-десант аскеринин 106-дивизиянын командири, генерал-майор Владимир Селивёрстовду кызматтан алганын жазышты. Селивёрстовдун дивизиясы согуш башталгандан бери Украинанын Киев облусунда болгон, январь айынан тартып Бахмут багытында согушкан.

"Военный осведомитель" Телеграм-каналы генералдын кызматтан алынышынын себеби белгисиз экенин жана ага аскер башчынын "тоң моюндугу" себеп болушу ыктымалдын жазды.

"Селиверстов аба-десанттык күчтөрүнүн штабынын чечимдери менен дайыма эле макул болгон эмес", - деп айтылат билдирүүдө.

"ВЧК-ОГПУ" каналы Тула облусунун губернатору Алексей Дюмин жума күнү Москвага болгон иш сапары учурунда генералды коргоого аракет кылганын, бирок бул эч кандай жыйынтык бербегенин белгилейт.

Украина президентинин кеңсеси өткөн жылдын башында 106-дивизияны Киев облусунун Буча, Гостомель жана Ирпен шаарларында жайкын тургундарды өлтүрүүгө катышкан деп атаган.

"Чек арасыз кабарчылар" укук коргоо уюму украиналык фотожурналист Макс Левин менен аны коштоп жүргөн украиналык аскер Алексей Чернышовдун өлүмүнө Селивёрстов башкарган дивизиянын жоокерлери тиешелүү деп эсептейт.

Былтыр 13-мартта Левин менен байланыш үзүлгөн. Анын сөөгү 1-апрелде Киев облусунун Буча районунан табылган. Ал учурда аймакта 106-дивизиянын аскер кызматкерлери болгон. Орус аскерлери 31-мартта Бучадан жана анын айланасынан чыгарылган.

Селивёрстовго 2014-жылы Орусиянын Баатыры наамы берилген. 106-дивизиянын башына 2021-жылы келген.

Буга чейин Коргоо министрлигинин дарегине айтылган сындан кийин Түштүк аскер округунун 58-армиясынын командири Иван Попов кызматтан алынганы белгилүү болгон.

Wall Street Journal ошондой эле "Вагнердин" козголоңунан кийин Орусияда кеминде 13 жогорку даражалуу аскер кызматкери кармалганын жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG