Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:16

Алмаз Мамбетов Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун теңтөрагасы болуп дайындалды


Алмаз Мамбетов.
Алмаз Мамбетов.

Алмаз Мамбетов Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын теңтөрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Мамбетов үч жылдык мөөнөткө дайындалды.

Аталган фондду түзүү тууралуу макулдашууга былтыр октябрда Азейрбайжан президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында кол коюлган. Уставдык капиталы 25 миллион доллар болгон Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фонду экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу үчүн иштей турганын билдирген.

47 жаштагы Алмаз Мамбетов былтыр ноябрда Ош шаарынын мэри кызматынан алынган. Ал бир жылдан ашык иштеген учурунда таза суу көйгөйүн, Ошто айланма жол куруу сыяктуу ири долбоорду чечүү сыяктуу убадалары ишке ашкан эмес.

Мамбетов ага чейин президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Балыкчы шаарынын мэри болуп иштеген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG