Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:41

Блогер Эртай Искаков милицияга суракка чакырылды


Эртай Искаков.
Эртай Искаков.

Блогер Эртай Искаков милиция кызматкерлери аны Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө алып баратканын билдирди.

Инстаграм баракчасына чыгарган видеодо Искаков суракка Селекция айылындагы жана Сары-Өзөн конушундагы 14-июлда өткөн нааразылык акциясына байланыштуу чакырылганын айтты.

Искаков милицияга чакырылганын "Азаттыкка" ырастап, күбө катары сураларын билдирди.

"Кечээ Сокулук районундагы Селекция айылында үч айдан бери сууга жетпей отургандар чогулган. Ошол жакка акция жарымдап калганда барып чагылдырып, видеого тартып кеткенбиз. Азыр эми ошону уюштуруп, жолду жапканга катышкан деп шекшип жатышыптыр. Күбө катары чакырыптыр, азыр Сокулукка баратабыз ", - деди ал.

14-июлда Сокулук району менен Бишкек шаары чектешкен Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары төрт күндөн бери таза суусуз отурганын айтып, нааразылык акциясын өткөргөн. Тургундар бийлик өкүлдөрүнүн келишин талап кылып Бишкектин Жайыл баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн бууганга аракет кылышкан.

Блогер Эртай Искаков акцияны видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыккан. Чогулгандар менен жолугуу үчүн бийлик өкүлдөрүнө суроо берген.

33 жаштагы Эртай Искаков блогер, активист катары таанымал. Инстаграм баракчасына 123 миң адам катталган. Ал Жол кайгуул кызматкерлери мыйзам бузган учурларды ашкерелеп келет.

Искаков 28-майдагы Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып 1 317 добуш алган. Бирок Боршайком бул аймактагы шайлоону талапкерлердин "добуш сатып алуусуна байланыштуу" жокко чыгарып, кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген.

Эртай Искаков бул жолу да аталган округдан талапкер болуп катталган. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG