Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Казакстан: Абай облусундагы токойдо дагы өрт чыкты


Семей токою.
Семей токою.

Абай облусундагы “Семей токоюндагы” өрт өчүрүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тилсиз жоо Бекен токой чарбасында чыкканын билдирди.

"15-июлда саат 11.40та өзгөчө коргоого алынган "Семей токоюнун" кызматкерлеринен Беген токой чарбасынын (57 жана 58-квартал) аймагындагы куураган чөп жана бак-дарактар күйүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Саат 11:52де Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 100 адамы жана 20дан ашык техникасы, аскер бөлүгү, райондук бөлүмдүн кызматкерлери жөнөтүлдү. Бат өчүрүүгө көмөктөшүү үчүн ӨКМдин авиациясы жөнөтүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 20 гектардай аянтты өрт чалган.

Шошкала эс алуу аймагы өрт катталган жерден алыс эмес жерде жайгашкан. Милиция жана ӨКМ кызматкерлери түтүнгө байланыштуу эс алуучуларга аймактан чыгып кетүүнү сунуштады. Социалдык тармактарда колдонуучулар эс алуу аймагынан чыгууга аргасыз болгонун жазышууда.

Июнь айынын башында бул коруктун аймагын жалын чулгап, 70 миң гектарга жакын токой аянты күйүп кеткен. Өрттү өчүрүү үчүн барган 14 адам каза болгон.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Юрий Ильинди өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотуп, анын ордуна Сырым Шарипхановду дайындаган. Өз милдетин жетиштүү аткарбаганы үчүн Абай районунун акими Нурлан Уранхаевге сөгүш берген.

Кийинчерээк Ильин, ошондой эле экология министри Зулфия Сулейменова жана Абай районунун акими Нурлан Уранхаев аймактагы өрт боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында сурак бергени кабарланган. 1-июлда Абай аймагындагы өрт боюнча кылмышка шектүү катары "Семей Орманы" коругунун жана Новошульбинск филиалынын жетекчилери экени белгилүү болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG