Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:39

Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл Украинага барды


Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл.
Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл.

Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл Польшадан кийин Украинага барды. Бул Түштүк Кореянын президентинин былтыр шайлоодо жеңип чыккандан берки биринчи сапары. Сапар тууралуу алдын ала кабарланган эмес.

Юн Сок Ёл жана анын жубайы Украинанын башкы прокурору менен бирге Киев облусунун Буча жана Ирпен шаарларында болушту. Былтыр марттын этегинде украин армиясы Буча жана Ирпен шаарларын бошоткондон кийин 700дөн ашуун карапайым кишинин сөөгү табылган. Бул үчүн Орусия согуш кылмыштарына айыпталган. Москва айыптоолорду четке кагууда.

Түштүк Кореянын президенти курман болгон жоокерлердин мемориалына барып, украин президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшөрү күтүлүүдө.

Сеул Киевге курал-жарак жеткирбейт, бирок гуманитардык жана экономикалык жактан колдоо көрсөтүп келет. Жакында Украинага аймактарды миналардан тазалоочу жабдуулар жөнөтүлөрү кабарланган. Мындан сырткары Түштүк Корея Украинаны колдоо үчүн түзүлгөн НАТО фондунун ишине катышат.

Жазында Юн Сок Ёл жайкын тургундарга олуттуу коркунуч жаралса, анын өлкөсү Украинага курал-жарак жөнөтүшү мүмкүн экенин айткан. Буга жооп катары Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Москва Корей жарым аралындагы кырдаалды жөнгө салууда бул маселени эске аларын билдирген.

Жапониянын экономикалык маселелерди талдаган Nikkei Asia басылмасы май айында маалымдагандай, түштүк кореялык ок-дарыларды чыгаруучу Poongsan өндүрүшү жылдын биринчи кварталында экспортун 77% көбөйткөн.

Ок-дарылар негизинен Европа Биримдигине, атап айтканда Польшага жөнөтүлгөн. Басылманын аналитиктери экспорттун өсүшүн Украинадагы кырдаалдан улам Европада ок-дары жетишсиз болуп жатканына байланыштырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG