Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

Айсулуу Тыныбекова Венгриядагы рейтингдик мелдеште алтын медал тагынды


Айсулуу Тыныбекова.
Айсулуу Тыныбекова.

Венгрияда өтүп жаткан күрөш боюнча эл аралык рейтингдик мелдеште кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова алтын медал тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.

Маалыматка ылайык, Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күч сынашкан.

Ал мелдештин 1/16 финалынан баштап катышып, катары менен беш жолу жеңишке жеткен. Алгач германиялык Луиса Хелга Герданы 2:0, 1/8 финалда венгриялык Ясмина Солиманды 10:0, чейрек финалда нейтралдуу желек алдында, өз алдынча катышкан (AIN) Алина Касабиеваны 6:1, жарым финалда бразилиялык Лайс Нунести 5:2 эсебинде жеңди. Алтын байге үчүн беттеште болгариялык спортчу Европанын төрт жолку, дүйнөнүн бир жолку чемпиону Биляна Дудованы 2:1 эсебинде жеңип алды.

Кыргызстандын эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командаларынын мүчөлөрү Венгриянын Будапешт шаарында 13-16-июль күндөрү өтүп жаткан Polyak Imre & Varga Janos Memorial эл аралык рейтингдик мелдешине катышууда. Буга чейин бул мелдеште эркин күрөштөн Алмаз Сманбеков күмүш (57 кг), Икромжон Хаджимурадов жана Алибек Осмонов коло (экөө тең 65 кг) байгеге ээ болушкан.

Айсулуу Тыныбекова апрель айында Астанада өткөн кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медал тагынган. Ал бул жетишкендиги менен кыз-келиндер күрөшү боюнча беш жолу Азия чемпиону аталган алгачкы кыргызстандык балбан кыз болуп калды. Ал ошондой эле дүйнө чемпионатында эки алтын, бир коло медал тагынган. Азия оюндарынын чемпиону жана Жайкы Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси. Бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG