Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:55

АР: Орусиянын түрмөлөрүндө миңдеген украиналык кармалууда


Орусия Женева конвенцияларын түздөн-түз бузуу менен карапайым калкты кармоонун жана катаал мамиле кылуунун кеңири жайылган системасын түздү.

Орусияда жана ал басып алган аймактарда жайгашкан жабык мекемелерде миңдеген украиналыктар кыйноого алынышы мүмкүн. Жүздөгөн адамдар көрүстөндөрдү казууга жөнөтүлүп жатканын Associated Press билдирди.

Агенттик мындай тыянакка украиналык согуш туткундары, мурдагы жана жана азыркы камактагылардын үй-бүлөлөрү, украин чалгынчылары менен жүргүзүлгөн ондогон интервьюлардын негизинде келген. Спутниктен алынган сүрөттөргө, документтерге, Кызыл Чырымдын каттарына жана социалдык тармактардыгы маалыматтарга таянган.

Журналисттер оккупацияланган аймактарда кармалган украиналыктар ар кайсы жерде, абактын жаңы имараттарында, жертөлөлөрдө кармалып турганын белгилешет. Ошондой эле алар орус бийлигинин оккупацияланган аймактарда жаңы колонияларды жана убактылуу кармоочу жайларды куруу пландарын да эске салышкан.

Көптөгөн жайкын тургундар майда укук бузуулар үчүн, анын ичинде украин тилинде сүйлөгөнү же жөн эле оккупацияланган чөлкөмдө жүргөнү үчүн камакка алынганы кабарланууда. Алардын көбүнө айып тагылган эмес, бирок камакта. Башкалары террорчулар, согушкерлер же “атайын аскердик операцияга каршылык көрсөткөндөр” катары камакка алынган.

Орус бийлиги айрым жарандарды бир нече күн же апта, айрымдарын бир жылдан ашуун убак кармаган. Бошогондордун дээрлик бардыгы кыйноого кабылганын же ушундай жагдайга күбө болушканын билдиришкен.

"Кыйноолор үзгүлтүксүз, анын ичинде электр тогу менен кыйноо, уруп-сабоо болгон, анын кесепетинен адамдардын баш сөөгү же кабыргалары сынган", - деп жазган басылма. Мурдагы камалгандар адам өлүмүнө дагы күбө болгонун билдиришкен.

Бириккен Улуттар Уюмунун Украинага көз салган миссиясынын июнда жарык көргөн баяндамасында 2022-жылдын 24-февралында Орусия кошуна мамлекетке басып кирип, согуш ачкандан бери 77 украин тургундун өлүмүнө забын болгону белгиленген. Жалпысынан Орусия басып алган аймактардан 864 бейкүнөө тургун кармалган. Алардын дээрлик 90% кыйноого кабылган.

Associated Press камалгандардын так санын аныктоо кыйын экенин жазды. Украина өкмөтү айыпталган миңден ашык адамдын маалыматтарын тастыктай алды. Gulagu.net долбоорунун негиздөөчүсү Владимир Осечкиндин айтымында, Орусияда кеминде төрт миң жайкын тургун камакта, дагы ушунчасы оккупацияланган аймактарда. Украинанын атынан сүйлөшүүлөргө катышкан Александр Кононенконун айтымында, туткунда 10 миңге чейин жайкын тургун болушу мүмкүн.

Басылманын маалыматына караганда, жүздөгөн адамдар окоп, көрүстөн казуу, аларды бекемдөө иштерине пайдаланылып жатат. 50 жаштагы Елена Якупова 2022-жылдын октябрында Запорожье облусунда кармалганын айткан. Аны үйүнөн алып кетишкен, андан кийин алар күйөөсү (украин аскери) тууралуу маалымат берүүнү талап кылышкан. Аялдын айтымында, "алар анын бетин желим баштык менен чаптап, башына суу куюлган бөтөлкө менен уруп, мойнуна жип орошкон".

Марттын ортосуна чейин Елена ондон ашык украиналык жарандар менен бирге траншея, аң казууга аргасыз болгон. Аны ал жакка алып келген орус аскерлери: "Эми сен Орусия Федерациясынын жыргалчылыгы үчүн бир нерсе кыласың" дешкен.

Associated Press белгилегендей Орусия Украинадан келген жарандарды кармап жатканын мойнуна албайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG